Борбор калаанын мэриясы шаардыктардын коопсуздугу үчүн, шаарды санитардык ченемдерди бузуучулардан коргоо иштерин улантууда.

Свердловск акимиатынын кызматкерлери муниципалдык аймактык башкаруу менен биргеликте, ишканалардын, мекемелердин жана чарбалык субъектилердин ээлерине чектеш аймакта санитардык ченемдерди жана тартипти сактоо жөнүндө билдирүү таратты.

4-мартка карата 495 билдирүү берилген. Бул багыттагы иштер уланууда.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар! Сураныч! Үйүңүздүн жана кеңсеңиздин жанында тартипти сактаңыздар, таштандыларды таштабаңыздар. Өзүңүзгө жана шаарыңызга кам көрүңүздөр!