Борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов "Ростех" мамлекеттик корпорациясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү Андрей Осокин жана "Рособоронэкспорт" акционердик коомунун  маркетинг иши бөлүмүнүн жетектөөчү эксперти С.Рыжов менен жолугушту.

Санариптик жана коммуникациялык технологиялар жаатында, “Акылдуу шаарды” куруу, ошондой эле экологиялык таза ири сыйымдуу автобустарды сатып алуу менен шаардык транспорт тутумун жакшыртуу боюнча кызматташуу талкууланды.

Жыйын учурунда, мэрдин милдетин аткаруучу шаардык муниципалит кызматташууга ар дайым ачык экендигин белгиледи.