Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгы 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө арналган дем алыш күндөрү маданий иш-чаралардын программасын даярдады.

6-март:
Түшкү саат 12:00дө №3 балдар искусство мектебинде окуучулардын майрамдык концерти болот.
Түшкү саат 15:00дө №9 балдар искусство мектебинде мугалим А.Боколоеванын вокалдык бөлүмүнүн "Музыкалык букет" аттуу концерти болот.
Балдар көркөм сүрөт мектебинде 8-март - Аялдардын эл аралык  күнүнө арналган мектеп ичиндеги көргөзмө өтөт.
№12 китепканада тегерек стол өткөрүлөт: “Кыргызстандагы аялдардын орду жана ролу”.
№14 китепканада "Апалардын Майрамы" майрамдык кечеси өтөт.
№18 китепканада - «8-март Аялдардын эл аралык күнү» майрамдык иш-чарасы.

7-март:
Саат 14: 00дөн 16: 00гө чейин №7 балдар искусство мектебинде 8-март күнүнө карата концерт болот.
Түшкү саат 16:00дө №4 балдар искусство мектебинде мугалим Р.С.Косакованын вокалдык бөлүмүнүн студенттеринин "Жаз тамчылары" майрамдык концерти болот.
Балдар көркөм сүрөт мектебинде 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө арналган мектеп ичиндеги көргөзмө улантылат.
№10 китепканада "Аялзат", “Аялдардын жаз майрамы” поэзия сааты өтөт.

8-март:
Саат 17: 00дө О.Мануилованын үй-музейинде “Между прошлым и будущим” аттуу талкуу болот.
№68 мектептин окуучуларынын катышуусунда борбордук китепканада: “Ааламды нурга бөлөгөн - ажарлуу биздин аялзат” аттуу майрамдык кече өткөрүлөт.

Балдар көркөм сүрөт мектебинде 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө арналган мектеп ичиндеги көргөзмө аяктайт.

Бишкек шаарынын мэриясы сүйүктүү айымдарыбызды, апаларыбызды жана чоң энелерибизди, эжелерибизди жана кыздарыбызды келе жаткан жаз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт!