Борбор калаанын мэриясынын жетекчилиги шаардыктар менен дайыма туруктуу жана ыкчам байланышта.
Борбор калаанын жер маселелери, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу жеке кабыл алуу өткөрдү.

Негизинен кайрылуулар жер тилкелерин мыйзамдаштыруу, күркөлөрдү алуу  жана башка объектилерди куруу маселелерине байланыштуу болду.

Жолугушууга 20 шаар тургуну келди, алардын арасында "Турак жай онөктөштүгү" коомдук кайрымдуулук фондунун директору Марат Жийдебаев көп кабаттуу үй куруу боюнча кайрылды.

Ошондой эле, Нурсия Жантаева жана Элмира Жангирова вице-мэрге турак жай куруу үчүн жер тилкесин мыйзамдаштыруу маселеси боюнча кайрылышты.

Шаардыктардын бардык кайрылуулары боюнча вице-мэр тиешелүү кызматтарга бишкектиктердин бардык маселелерин тез арада чечип берүүнү тапшырды.

Урматтуу шаардыктар! Борбор калаанын жер маселелери, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу 61-07-33 телефон номери аркылуу байланышта.

Биз суроолоду жана арыздарды 1840, 1850 номери аркылуу кабыл алабыз. Сүрөттөрдү жана видеолорду Бишкек шаарынын мэриясынын негизги WhatsApp каналына жөнөтүңүздөр: 0554182185

Шаардыктар Бишкек шаарынын мэриясынын Facebook, Instagram, Twitter социалдык тармактарындагы расмий аккаунтуна жазылып, ыкчам маалымат алып, суроолорун бере алышат. Ошондой эле, бардык маалыматтар ыкчам түрдө Бишкек шаардык мэриясынын www.meria.kg расмий сайтына жайгаштырылат.