Урматтуу шардыктар! “Энесай” конушунун суу алгычында оңдоп–түзөө иштерине жана түтүктөрдү жаз-жай мезгилине даярдоого байланыштуу, бүгүн 9 – март күнү эртең мененки 9:00дөн 15:00гө чейин “Энесай”, “Дордой - 1”, “Дордой - 2” конуштарында  ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Анын ичинде:

• №21 Муниципалдык аймактык башкармалыгы;
• №2, 2а, 4 бала бакчасы;
• №9 үй – бүлөлүк медицина борбору;  
• №20 китепкана;
• №6, №7 райондук милиция бөлүмдөрү;
• №21, №94 орто билим берүү мектептери;
• “КУТ МонтажСтрой” ЖЧК;
• “Ак –Илбирс” компаниясы;
• “Бегимай – Дордой” жеке бала бакчасы;
• Свердлов районунун коомдук алдын алуу борбору, №32в “Дордой” базары.

Жаңы конуштун тургундарына МАБ жана кварталдык комитеттердин өкүлдөрү аркылуу таза суу өчүрүлөрү тууралуу маалымат берилди.

Урматтуу шаардыктар! Суу менен камсыздоого байланышкан суроолор менен 1533 – шаардыктардын кайрылуулары үчүн бирдиктүү маалыматтык борборуна  чалсаңыздар болот. Ошондой эле, бардык көйгөйлөрдү мэриянын колл-борбору 1840 жана 1850 номерлери аркылуу кабыл алат, көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун WhatsApp  колдонмосу аркылуу 0554 182-185 номерине жибериңиздер.

Биз ар дайым байланыштабыз! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!