Шаардын райондук акимиаттары пенсионерлерди, чоң апаларды жана чоң аталарды колдоо иштерин улантууда.

Жакында эки шаар тургуну Эрмек Аргимбаева жана Сокен Усенова өздөрүнүн жүз жылдык жана 102 – жылдык туулган күнүн өткөрүштү. Октябрь жана Биринчи май райондорунун башчылары барып, ардактуу апалардын ден соолугун сурап, туулган күнү менен куттукташты.

Октябрь районунун акими Данияр Арпачиев Эрмек Аргимбаевага белек, азык-түлүк жана 5000 сом өлчөмүндөгү материалдык колдоо тапшырды. Биринчи май районунун акими Максат Нусувалиев Сокен Усенованы куттуктап, белек тапшырды.  

Бишкек шаарынын мэриясы биздин кымбатту чоң апаларды туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!