Oasis Kyrgyzstan коомдук фондунун жамааты борбор калаанын мэриясынын социалдык өнүгүү башкармалыгынын социалдык жатаканасынын  жаштары үчүн - адам сатуунун алдын алуу боюнча тренинг өткөрдү.

Окутуу "Адам сатуунун алдын алуу боюнча жаштардын жана мамлекеттик кызматкерлердин маалымдуулугун жогорулатуу" долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Тренингдин жүрүшүндө балдарга “адам сатуу” термининин түшүнүгү, коопсуздук эрежелери жөнүндө маалымат берилип, кылмышкерлердин курмандыгына айланбоо үчүн коркунучту катип таану керектиги айтылды.

Бүгүнкү күндө социалдык жатаканада 30 адам жашайт.

Белгилей кетүүчү нерсе, Oasis Kyrgyzstan коодук фондунун негизги багыттары жаштардын, атап айтканда, мектеп-интернаттардын бүтүрүүчүлөрүнүн, зомбулуктун жана адам сатуунун курмандыктарын, мыйзам чыгаруу демилгелери жана укуктук билим берүү аркылуу жигердүү коргоо болуп саналат.