Койбагаров көчөсүн С.Каралаев көчөсүнөн Ж.Пудовкин көчөсүнө чейин оңдоо маселеси боюнча вице-мэр Азамат Сагындык уулунун көчмө жыйыны болуп өттү.

Узундугу 1,2 миң метр болгон тилкеде ирригация тутумун төшөө иштери башталды жана жер иштери жүрүп жатат. Бак-дарактарды сактап калуу үчүн түзөтүүлөр жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, жол иштери "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи этабынын алкагында Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү боюнча долбоордун экинчи этабы эки жылга эсептелген. Бул убакыт аралыгында 5 көпүрө куруп жана жалпы узундугу 70 чакырымдан ашык 60 көчөнү оңдоо пландалууда. Бул тизмедеги көчөлөрдүн көпчүлүгү кеңейтилип оңдолот же, жаңы салынат баарында тротуарлар жана ирригациялык тармактар болот.

Оңдоо иштери Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт, иш аткаруучу - кытайлык China Road and Bridge Corporation корпорациясы.

Урматтуу шаардыктар! Facebook, Instagram, Twitter социалдык тармактарындагы Бишкек шаарынын мэриясынын расмий аккаунтуна жазылып, ыкчам маалымат алып, суроолоруңузду берсеңиздер болот. Ошондой эле, бардык маалыматтар ыкчам түрдө Бишкек шаарынын мэриясынын www.meria.kg расмий сайтына жайгаштырылат.

Шаардыктардын кайрылууларын борбордук мэриянын колл-борбору 1840 жана 1850 кыска номурлары аркылуу күнү-түнү кабыл алат, ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видео фактыларын  WhatsApp: 0554 182-185 дарегине жөнөтүңүздөр.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!