Урматтуу шаардыктар, "Рухий-Мурас" конушунун тургундары!

"Рухий-Мурас конушунда жалпы билим берүү мектебин куруу" объектиси боюнча жумуштарды сатып алууга катышуучулардан конкурстук билдирме жок болгондугуна байланыштуу конкурс өткөн жок деп эсептелди. Ошондуктан жалпы билим берүү уюмунун курулушуна кайрадан тендер жарыяланант.

Жаңы мектеп 700 орунга эсептелген. Долбоорлоо-сметалык документтер толугу менен бүткөрүлдү.

Жаңы жалпы билим берүү уюмунун сметалык наркы 156 миллион 126 миң 673 сомду түзөт. Каржылоо шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

Тендер Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу өткөрүлөт.
Урматтуу катышуучулар! Тендер жана техникалык тапшырма боюнча толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган: http://zakupki.gov.kg