Кутман кеч, урматтуу кесиптештер! Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгына арналган иш-чаралардын планы менен таанышыңыз.

Саат 11: 00дө Бишкек шаарынын вице-мэрлеринин катышуусунда эстеликтерге гүл коюу аземи болот:
• Борбордун биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев -Масалиев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги Д.Асанов  атындагы Жеңиш паркында өткөрүлө турган иш-чарага катышат;

• Турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр Жамалбек Ырсалиев - Жаш Гвардия бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги "1920-1940-жылдардагы Комсомолдун Баатырларына" арналган эстеликке барат.

Саат 10: 00дө Красный Строитель кичи районундагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин эстелигинде Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси  Ренат Айтымбетовдун катышуусунда гүл коюу аземи болот.

"Жеңиш" автожүрүшү саат 11: 00дө болот.  Автожүрүш  Фрунзе көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинен башталып, Семетей 2а дарегинен жыйынтыктлат.