Д.Асанов атындагы паркта Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишинин 76 жылдыгына арналган митинг-реквием өткөрүлдү.

Иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана райондун  тургундары, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев, Ленинград блокадасынын кыргыз коомунун төрагасынын орун басары Марат Кутанов курм катышып, согушта курман болгондорду эскеришти.

Митинг-реквиемди  Октябрь райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Кубанычбек Айтакунов ачты.

Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөт тыныгуу менен эскерип,  андан кийин шаардыктар эстеликке гүл коюшту.