Баатырлар аллеясында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгына арналган митинг-реквием өткөрүлдү.

Иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, тылдын эмгекчилери, Ленин районунун ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү, Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жана райондун тургундары катышты.

Митинг-реквиемдин жүрүшүндө  Баатырлар Аллеясындагы борбордук обелискке гүл коюлуп, курман болгон жоокерлердин элесине үч жолу ок атылды.