Шаар ишин улантууда. Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери “Тазалык” муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте борбор калаадагы мыйзамсыз курулуштар менен талыкпай күрөшүүнү улантып жатышат.

Бул жолу Огонбай көчөсүндө сегиз күркө алынды, андан тышкары Нарвский көчөсү 62 дарегиндеги  бир мыйзамсыз объект демонтаждалды.

Жол курулушунун алкагында Манас,185/5 дарегиндеги тосмо жана дүкөн алынды. Шота Руставели көчөсүндө темир тосмо жана капиталдык курулуш  демонтаждалды. Ташкент көчөсүндө капиталдык тосмо, дарбазалар жана үч күркө алынып салынды.  

Лев Толстой көчөсүндө дөңгөлөк оңдоочу жай жана жеңил типтеги жасалган бастырма демонтаждалды, Ибраимов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жеңил типтеги объект (гриль) алынды.

Түшүндүрмө иштеринен соң өз ыктыяры менен Токтоналиев көчөсүндө күркөгө кошулган курулуш демонтаждалды.
Андан тышкары, шаар мыйзамсыз орнотулган штендер жана баннерлерден “тазаланды”, 35 жарнамалык конструкция алынды.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Сиздерден жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону суранабыз. Эгер сиздер мыйзамсыз орнотулган объектини көрсөңүздөр, анда 0707 48 61 62 телефону аркылуу сүрөт жана видео фактыларды жөнөтүңүздөр.

Ошондой эле, башкармалыктын баракчасы социалдык тармактарда:
Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/
Instagram: @ uzs.bishkek
Twitter: @uzsmeriakg.

Биз дайыма байланыштабыз! Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!