"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы тышкы жарык тармактарын модернизациялоо боюнча иштерин улантууда.

Борбордун бардык райондорунда жарык орнотуу жана оңдоо иштери уланууда.

Бул жолу борбор калаанын жарыктандыруучулары Москва көчөсүнүн боюна Орозбеков көчөсүнөн батыш тарапты көздөй  өзүн-өзү изоляциялаган зым  орнотту.

Байтик Баатыр көчөсүндө  Горький көчөсүнөн  Скрябин көчөсүнө чейин  дагы 10 светодиоддук чыракжандырылды.

Свердлов районунун аймагында Гоголь көчөсүнүн бою, Чүй проспектисинен Москва көчөсүнө чейин  680 метр өзүн-өзү изоляциялаган зым,  Изюмский чолок көчөсү Щербаков  көчөсүнөн түндүк багытты карай  10 көчө чырагы орнотулду.

Шаардыктардын өтүнүчү менен Күрөңкеев жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги чырак оңдолду.

Ленин районунда Ак-Кайын көчөсүнө 12, Шабдан көчөсүнө Ахунбаев көчөсүнөн Ак-Марал көчөсүнө чейин 14 чырак орнотулду.

Жарыктандыруу  иштери уланууда.

Урматтуу шаардыктар! Жарыктандырууга байланышкан маселелер боюнча ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы 0312 463 089, 0312 576 351, WhatsApp: 0777 902 115, 0702 805-756 номерлери аркылуу кабыл алат.

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы социалдык тармактарда:
Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312
Instagram: @mp_bishkeksvet
Twitter: @Bishkeksvet