Шаар ишин улантууда. Райондордун акимдери шаардыктар менен ар дайым байланышта.

Октябрь районунун башчысы Данияр Арпачиев санитардык эрежелерди сактоо менен борбордун тургундарын жеке кабыл алды.
Жолугушууга 9 шаар тургуну келди, кайрылуулар негизинен материалдык жардам көрсөтүү, көрктөндүрүү, жол куруу жана турак жай маселелерине байланыштуу болду.

Турак жай ээлеринин шериктештиги жана көрктөндүрүү маселелери боюнча шаар тургуну Рахим В кайрылды.

Ошондой эле шаар тургуну Болотбекова Н.Ж. жолду асфальттоо жана ылдамдыкты азайтуу үчүн “жол белгисин” орнотуу маселеси менен кайрылды. Тургун Н.Юрьевна материалдык колдоо көрсөтүүнү суранды.

Октябрь районунун тургундары бардык керектүү кеңештерди алып, көйгөйлөр тез арада чечиле баштаганына ыраазычылык билдиришти.
Район башчысы администрациянын компетенциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде тиешелүү кызматтарга тургундардын көйгөйлөрүн тез арада чечип берүүнү тапшырды.

Урматтуу шаардыктар! Бирдиктүү терезеге кайрылып, район акими менен жолугушууга жазылып, үйлөрүңүздүн, көчөлөрүңүздүн жана кварталдарыңыздын көйгөйлөрү боюнча арыздарды калтырсаңыздар болот.

Октябрь районунун акимияты, саат 9:00дөн 18:00гө чейин, Байтик-Баатыр көчөсү, 17 (биринчи кабат, фойенин оң жагында), тел: 57-63-80, adm-oktyabr@bk.ru

м