Бишкек шаарынын  мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгы  муниципалдык жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн дебитордук карыздарды чогултууну улантууда.

2006-жылы "С" Ачык акционердик коомуна "К.С" заводунун мүлк комплекси үчүн 49 жылдык мөөнөткө ижаралык негизде 1,08 га  жер тилкеси Рабочая көчөсүндө берилген.

Тилекке каршы, 2021-жылдын биринчи кварталын эске алганда, 3 миллион 276 миң 524,84 сом суммасында карыз, ошондой эле 819 миң 131,21 сом өлчөмүндө туум пайда болгон.

Карыздын жалпы суммасы 4 миллион 095 миң 656,05 сомду түздү.

Буга байланыштуу жер реусурстар башкармалыгы карызды өндүрүү үчүн Свердлов сотуна кайрылган.

Соттун 21-апрелдеги чечими менен жер реусурстар башкармалыгынын доо арызы толугу менен канааттандырылды.

Урматтуу ижарачы ишкерлер! Муниципалдык жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысын убагында төлөп берүүңүздү суранабыз.

Бардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгына Бишкек шаары, Чокморов көчөсү 246, телефон: (0312) 45-42-73 дареги боюнча кайрылсаңыздар болот.