Бүгүн, электр зымынын бузулуусуна байланыштуу №4,№5,№6,№7- троллейбус каттамдарынын жүрүшү Ю.Абдрахманов көчөсүндө Токтогул көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин үзгүлтүккө учурады.

Ыкчам түрдө окуя болгон жерге "Бишкек троллейбус башкармалыгынын" эки бригадасы чыкты.

Оңдоо иштери жүрүп жатканда, аталган каттамдардагы жүргүнчүлөрдү “авто-ход” менен жабдылган троллейбустар ташышты.
Зымдагы бузулуунун себептерин текшерүү жана издөө иштери улантылууда.