“Ардагер” геронтологиялык борборунун базасында социалдык кызматкерлер үчүн билим берүү программасы өткөрүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүгүү башкармалыгынын, Балдардын социалдык адаптациялоо борборунун, "Айданек" жашы жете элек балдарды реинтрациялоо борборунун, мектеп-интернаттарынын бүтүрүүчүлөрү үчүн социалдык жатаканасынын, карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жалпы типтеги Бишкек социалдык-стационардык мекемеси, "Коломто" муниципалдык ишканасы, шаардык майыптар үчүн реабилитациялык борбор, аялдар үчүн "Аялзат" кризистик борборунун, балдарга жардам берүү борборунун кызматкерлери жана социалдык кызматкерлер үчүн түшүндүрүү- маалымат берүү иштери жүргүзүлдү.

Санитардык стандарттарды сактоо, ошондой эле COVID-19ка каршы эмдөө алуу боюнча тренинг Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өкүлдөрү тарабынан өткөрүлдү.

Жолугушууга 70ке жакын адам катышты.

Белгилей кетсек, социалдык өнүгүү тутумуна 645 кызматкери бар 13 бөлүм кирет.