Урматтуу шаар тургундары! Суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө, техникалык тейлөө иштерине жана насостук станцияны реконструкциялоого байланыштуу, 2021-жылдын 27-майында саат 09:00дөн кечки 19:00гө чейин Тыналиев, Минжылкыев, Бах жана мурдагы Ротари көчөлөрү чектешкен аймакта убактылуу суу токтотулат.

"Бишкексууканал" башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана  шаар тургундарынан жана мекемелерден ичүүчү сууну камдап алууларын өтүнөт.

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! Суу менен камсыздоого байланыштуу суроолорду  1533 кыска номерлерине калтырсаңыздар болот. Бул - шаардыктардын кайрылуулары үчүн бирдиктүү маалымат борбору. Ошондой эле, мэриянын колл-борбору 1840 жана 1850 кыска номерлери аркылуу бардык кайрылуу жана арыздарды кабыл алат, ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун 0554 182-185 номерине жөнөтүңүздөр.