Бишкек шаарынын коомдук транспортторунда санитардык эрежелеринин сакталышын мобилдик топтор көзөмөлдөө ишинтерин улантууда.

Бишкек троллейбус башкармалыгынын  20 кызматкеринин катышуусунда коомдук транспорттун салондорунда санитардык эрежелердин сакталышын текшерүү жүргүзүлдү.

Санитардык текшерүүлөр жана айдоочулар менен жүргүнчүлөргө  түшүндүрүү иштери эл көп топтолгон аялдамаларда өттү.
Бүгүн биз 4 аялдамада иштеп, 127 троллейбусту текшердик, негизинен жүргүнчүлөр тарабынан маска режими сакталган жок.
Бул багыттагы рейддер жумасына эки жолу болуп турат.

Белгилей кетсек, санитардык текшерүүлөрдүн максаты - айып пул салуу эмес, шаар тургундарына маска режимин, аралыкты сактоо керектигин эскертүү болуп эсептелет.

Троллейбустардын иштешине байланыштуу, суроолоду "Бишкек троллейбус башкармалыгы": (0709) 800989 номеринде кабыл алышат.
Урматтуу шаардыктар! Биз ар дайым байланыштабыз!

Суроолорду  жана даттанууларды 1840, 1850 номерине чалып калтыра аласыздар, сүрөт-видео фактыларды  Бишкек шаарынын мэриясынын негизги WhatsApp каналына жөнөтүңүздөр: 0554182185

Шаардыктар социалдык тармактардагы Бишкек шаарынын мэриясынын  расмий аккаунтарына  жазылып, ыкчам маалымат алып, суроолорун бере алышат:

Бишкек шаарынын мэриясы: https://www.meria.kg/ru
Facebook: https://www.facebook.com/312Bishkek,
https://www.facebook.com/BTUcom
Instagram: https://www.instagram.com/meria_bishkek/?hl=ru,
https://www.instagram.com/mp_trolleybus/?hl=ru
Twitter: https://twitter.com/bishkekcityhall?s=08,
Telegram: https://web.telegram.org/#/im?p=@bishkekmeria.

Ошондой эле, бардык маалыматтар тез арада Бишкек шаардык мэриясынын www.meria.kg расмий сайтына жайгаштырылат.