Ленин районунун башчысы Мелис Өскөмбаевдин төрөгалыгы астында, Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы, ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө боюнча салык кызматы  жана MАБтардын катышуусунда  штаб өткөрүлдү.

Жергиликтүү салык жыйымдарынын түрлөрү боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруунун райондук көрсөткүчтөрү каралды.
Жыл башынан бери киреше 581,5 млн сом салык төлөмдөрү жана жыйымдар келип түштү, план 563,6 млн сом коюлган, аткарылышы белгиленген пландын 103,2% түздү.

Салык кызматтарына жергиликтүү бюджеттин кирешелерин салыктын түрлөрү боюнча аткаруу боюнча тийиштүү чараларды көрүү, администрациянын экономика жана каржы бөлүмү, МАБ менен биргеликте рейддерди жүргүзүү жана жаңы чарбалык субъектилердин тизмесин түзүп кийин аларды райондун салык кызматына жөнөтүү сунушталды.

Салык төлөмдөрүн өз убагында төлөп бергендиги үчүн ишкерлерге ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
РАХМАТ!