Урматтуу шаардыктар! Так ушул тапта Орозбеков көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды. Жумуш бүгүн, саат 20:00гө чейин аяктайт.

Бул жерде "Бишкасфальтсервис" муниципалдык ишканасы жолдун асфальт катмарын жаңылайт. Жаңы асфальт төшөлөт.
Оңдоо иштерине бир бригада жана атайын техникалар тартылды: грейдер, камаз, (каток), экскаватор.

Белгилей кетсек, бул жумуштар 2021-жылга карата Бишкек шаарынын жолдорун жакшыртуунун алкагында жүргүзүлүп жатат.
Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала жол тандап алууларын өтүнөт.