Урматтуу шаардыктар, борбордун коноктору, балдар! 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата райондук администрациялар тарабынан сиздерге майрамдык иш-чаралардын программасы даярдалды:

Октябрь району:

1-июнда түшкү саат 12:00дө "Ата-Түрк" паркында райондук майрамдык иш-чара өткөрүлөт.

Ошол эле күнү, 6-кичи районундагы №1- үйдүн жанында  кечки саат 18:00дө ар кандай оюндарды уюштуруу менен сейил бактын ачылышы орун алат.

Биринчи май району:

1-июнда “Молодежный” паркында саат 10:00дөн 13:00гө чейин улуттук жана спорттук оюн-зооктор, кичи футбол, улуттук оюндар, өткөрүлөт.

31-майда саат 12:00дөн 14:00гө чейин И.Панфилов атындагы сейил багында асфальтка сүрөт тартуу сынагы, көңүл ачуучу программалар, балдардын сүрөт көргөзмөсү болот.

Свердлов району:

1-июнь саат 10:00дө Чыгыш-5 кичи районундагы "Арбат" аллеясына майрамдык концертке келиңиздер, биз балдарды чогуу куттуктайбыз.

1-июнда саат 10:00дөн баштап "Каражыгач токойчосу" сейил багында "Жазгы Спартакиада" аттуу иш-чарас даярдалган, андан кийин саат 12: 5те майрамдык концерт уюштурулат.

Ленин районунун аймагында:

1-июнда түшкү саат 12:00дө Фучик атындагы сейил багында  Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан  спорттук иш-чаралар даярдалган.

Бишкек шаарынын мэриясы балдарыбызды майрамы менен куттуктайт! Дүйнөдөгү ар бир баланын ден-соолугу чың болуп, ата-энесинин камкордугуна бөлөнсүн.