«Бишкек троллейбус башкармалыгынын» кызматкерлерине COVID-19ка каршы эмдөө жөнүндө түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү.
Тренингти мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөл борборунун иммунологу Гүлзат Дыйканбаева өткөрдү.

Гүлзат Дыйканбаева  эмдөө иммунитетти калыптандырууга, инфекциянын жайылышын азайтууга жана пандемия менен күрөшүүгө жардам берерин белгиледи.

Ошондой эле, жолугушууда суроо-жооп диалогу орун алды.

Лекцияга бардык санитардык нормаларды сактоо менен ишкананын 80 кызматкери катышты.

Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарында кечки кабыл алуусу бар убактылуу эмдөө бөлмөлөрү төмөнкү поликлиникаларда жайгаштырылган:

Кабыл алуу тартиби 15:00дөн 23:00гө чейин:

Студенттер үчүн шаардык поликлиника - 66 52 63;

Октябрь районундагы №18 үй-бүлөлүк медицина борбору - 56 82 33.

8:00дөн 23:00гө чейин эмдөө бөлмөлөрү:

Ленин районунун бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору - 64 45 57; 0505 111 330;

Биринчи май районунун №14- үй-бүлөлүк медицина борбору - 0500 008 208;

Свердлов районунун №8- үй-бүлөлүк медицина борбору - 0551 117 744.