Жакшы жаңылыктар! Бишкек шаарынын мэриясы “Арча-Бешик” конушунда “Ойсул-Ата” көчөсүндө бала бакчанын курулушун баштады.

Курулуштун капсуласын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов жана Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов салышты.

Бала бакча 180 орунга ылайыкташтырылган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты болжол менен 1 миң 889,3 чарчы метрди түзөт.

Бала бакчада ар бири 20 баладан 2 топ кичинекей балдардардан турган 8 топ, 25 баладан турган 2 мектепке чейинки топ тарбияланат.
Долбоорго ылайык, биринчи кабатта: методикалык кабинет, оюн бөлмөлөрү, ашкана, уктоочу бөлмөлөр, жуунучу бөлмөлөр, санитардык бөлмөлөр, кабыл алуу бөлмөлөрү, медициналык кабинет жана дарылоо бөлмөсү жайгашкан.

Экинчи кабатта музыка жана спорт залы, оюн бөлмөлөрү, ашкана, кабыл алуу бөлмөлөрү, жуунучу бөлмөлөр, кампа жана техникалык жайлар, башчынын кеңсеси орун алган.

Бишкек шаарынын мэриясынын коомдук- мамлекеттик  капиталдык курулуш башкармалыгынын торугуна ылайык, объектте “КББ” курулуш компаниясы иштейт, келишим боюнча наркы 59 млн 421 миң 133 сомду түзгөн.

Белгилей кетсек, "Арча-Бешик" конушу 1992-жылы түзүлгөн, калкынын саны 35 миң 605 адам, 4 миң 209 мектеп жашындагы балдар, 3 миң 015 мектепке чейинки курактагы балдар бар.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун тапшырмасы боюнча быйыл 5 бала бакчанын жана 5 мектептин капиталдык курулушу башталат.