Борбор калаадагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, санитардык-экологиялык инспекция коомдук тамактануу пункттарында, кафе жана ресторандарда санитардык ченемдердин сакталышын көзөмөлдөп, рейддик иш-чараларын улантууда.

Бир жуманын ичинде инспекторлор 130дан ашуун ишкердик субъектилерине барып, алар санитардык-эпидемиологиялык нормаларды канчалык деңгээлде аткарып жаткандыгын текшеришти. "Бузуулар жөнүндө" Кодекстин 293-беренеси боюнча ыйгарым укуктуу органынын буйругун аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн мыйзам бузуучуларга карата 8 протокол түзүлдү.

Эрежелерди «Дуюм Кебаб», «Асман», «Палаццо», «Saltanat Palace», «Мараш Кебаб» кафе- ресторандары, «Плаза Восток» караоке-бары, «Грим Студио» фотостудиясы жана «Gamer» оюн клубу бузган.

Бул берене боюнча жеке адамдарга - 3 миң сом, юридикалык жактарга - 13 миң сом айып пул салынат.

Жыл башынан бери 104 рейд жүргүзүлүп, 764 ишкердик субъектиси текшерилди, Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” Кодексинин 293-беренесине ылайык, 110 миң сом суммасында 20 протокол түзүлдү:

- Ленин району боюнча - 25 рейд жүргүзүлдү, 175 ишкердик субъектиси текшерилип, суммасы 31 миң сомго 7 протокол түзүлгөн;
- Октябрь районунда - 25 рейд жүргүзүлдү, 184 ишкердик субъектиси текшерилип, суммасы 34 миң сомго 8 протокол түзүлгөн;
- Биринчи май району боюнча - 32 рейд, 244 ишкердик субъектиси текшерилип, суммасы 16 миң сомго 2 протокол түзүлдү;
- Свердлов району боюнча - 22 рейд, 161 ишкердик субъектиси текшерилип, суммасы 29 миң сомго 3 протокол түзүлгөн.

Соода борборлору, коомдук тамактануу жайлары, “Биринчи Кадам” медресесинин мекемеси, көңүл ачуучу жайлар, оюн аянтчалары, компьютердик клубдар текшерилди. Ошондой эле, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын, "Комтранском", "Жаңы Күч", "Эко Сити", "Эко Технолоджис" жоопкерчилиги чектелген коомдору  жана “Таза шаар "," AB Trans Group" компаниялары жана башка катуу таштандыларды чыгарууга адистешкен ишканалар  тарабынан контейнер аянтчаларын, катуу таштандыларды чогултуучу контейнерлерди дезинфекциялоо боюнча текшерүүлөр жүргүзүлдү.

Урматтуу ишкерлер! Бишкек шаарынын мэриясы сиздерден иш-чараларды  уюштурууда, ошондой эле аларды алып барууда санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана алгоритмдерди сактоону күчөтүүңүздөрдү суранат.

Бет кап тагынып, дезинфекциялоочу каражаттарды жана антисептиктерди колдонуунун зарылдыгын эскертебиз. Ишканаларда киши толтуруу эрежесине ылайык 50% гана аткарылышы керек.

Сураныч, өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр! Белгиленген ченемдерди бузгандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазага тартылышат.