Свердлов районунда коллектордук-дренаждык ачык жана жабык тармактарын кол менен жана механикалаштырылган тазалоо иштери жүргүзүлдү. Кол менен 21,8 км тармак  тазаланды. Мындан тышкары, 9,3 км сугат тармагы тазаланды.

Азыр Маяковский көчөсүндө Щербаков көчөсүнөн Васильев көчөсүнө чейин 460 погондук метрди түзгөн ачык коллектордук-дренаждык тармактарын кол менен тазалоо иштери жүрүп жатат.

Биринчи май районунун аймагында 25 чакырымдан ашык тармак тазаланды. Анын ичинен ачык дренаждык тармак - 13 150 пагон метр, жабык дренаждык тармак - 12600 пагон метр.

Учурда ачык коллектордук-дренаждык тармактарын тазалоо Кызыл-Кыя көчөсүндө Можайск көчөсүнөн  Боталиев көчөсүнө чейин  500 погон метрди түзгөн аймакта жүрүүдө.

"Бишкекжашылчарба" ишканасы тармактын 86,6 чакырымын тейлейт, тармактар негизинен Биринчи май жана Свердлов районунда жайгашкан, анткени бул аймактарда  жер астындагы суулар бар.

Урматтуу шаардыктар! Дренаждык жана сугат тармактарына таштанды ыргытпоону, шаардын эмгекчилеринин эмгегин урматтоону суранабыз.