Өткөн дем алыш күндөрү Бишкекте борбор калаанын муниципалитетинин колдоосу менен дуатлон боюнча мелдеш болуп өттү.

Спортчуларды Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева тосуп алды.

Кыргыз Республикасынын Триатлон Федерациясы 12-15 жаштагы балдар арасында "СуперСпринт" жана "Спринт" аралыкка жеке эсепте жана командалык эстафетада мелдеш өткөрдү.

Мелдешке 200 адам, анын ичинде коңшу мамлекеттердин спортчулары катышты. Триатлондун катышуучуларынын арасында профессионалдар дагы, өлкөнүн блогерлери дагы болду. Катышуучулардын арасынан баатыр энени белгилей кетүү керек, анын жети баласы да балдар жарышына катышты.

Мелдештер Кыргызстанда триатлон жана цикл спортун кеңири жайылтуу жана андан ары өнүктүрүү, калк арасында сергек жашоо образын жайылтуу, спорттун цикл түрүнө адистешкен спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу, спорттук атаандаштык атмосферасын түзүү, спортчуларды бирдей деңгээлде камсыз кылуу максатында жыл сайын өткөрүлүп турат.

КРнын ТРИАТЛОН ЧЕМПИОНАТЫНЫН БИРИНЧИ ЭТАБЫНА  катталуу ачык экендигин белгилейбиз: HTTPS://TRIATHLON.KG/