"Бугу-Эне-Багыш" конушунда мэриянын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Турак жайга электр зымдары 103 темир-бетон түркүгү  орнотулган, учурда трансформатордук көмөкчордонду (630 кВА) жана өзүн-өзү камсыз кылган изоляцияланган зымды  туташтыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Жумуш аяктагандан кийин объект Батыш РЭСтин эксплуатациялоочу уюмунун балансына өткөрүлүп берилет.

Ошондой эле суу чыпкасынын иштешин камсыздоо үчүн генератор орнотулуп, суу тазалоочу чыпканы тейлөө үчүн орнотулган контейнер талапка ылайык келтирилди.

Бардык жумуштар 2021-жылдын июнь айынын аягына чейин бүткөрүлүп, бардык жашоочулар электр жарыгына туташтырылат.

Эске салсак, өткөн жумада КР Өкмөтүнүн Аппаратынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жаңы конушка көчмө жыйын өткөрүлүп, анда конуштун аймагын көрктөндүрүү иштерин тездетүү боюнча тапшырмалар берилген.