А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Эл аралык конкурстардын лауреаты Бактыбек Ыбыкеевдин чыгармачылык кечеси болуп өттү.

Кече  Бакытбек Ыбыкеев, Асел Бекбаева, Оксана Шутованын аткаруусунда дүйнөлүк жана улуттук опера классикасы, советтик композиторлордун чыгармалары менен коштолду.

Концерт Н.Полотовдун жетекчилиги астында театрдын симфониялык оркестринин коштоосунда өттү.