Свердлов районунун акимиатында жетекчинин орун басары Рустам Касымбековдун төрагалыгы астында Свердлов районундагы курулуштарды тартипке келтирүү, жолдорду реконструкциялоо жана калыбына келтирүү боюнча райондук штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Отурумга тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышып, жол куруу маселелери каралды.

Талкуунун жыйынтыгында көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча кызматтарга тапшырмалар берилди.

Эске салсак, Свердлов районунун аймагында жол куруу иштери төмөнкү көчөлөрдө жүргүзүлөт: Фере көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн Элебесов көчөсүнө чейин, Будённый көчөсү Чүй проспектисинен Жибек-Жолу проспектисине чейин, Огонбаев көчөсү Ибраимов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейин, Түгөлбай-Ата көчөсү Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин, Ак-Тилек көчөсү Элебесов көчөсүнөн Дзержинский көчөсүнө чейин, Култегин көчөсү Гидрокуруучулар көчөсүнөн Эне-Сай көчөсү 20 дарегине чейин, “Дордой 2” конушунун борбордук көчөсүн бойлой, Жарандык көчөсү Курманжан Датка көчөсүнөн Т.Айтматов көчөсүнө чейин, Армия көчөсү Кийизбаев көчөсүнөн Мамбетов көчөсүнө чейин.