Муниципалитетте борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева менен Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты жетектеген Татарстан Республикасынын делегациясы,  Казань федералдык университетинин Елабуга институтунун ректору Елена Мерзондун  жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маанилүү социалдык инфраструктуранын объектилерин ишке ашырууда тажрыйба алмашуу боюнча  кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты. Ошондой эле тажрыйба алмашуу жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу маселеси талкууланды.

Вице-мэр биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда Татарстан Республикасынын борбору Казань шаары менен өз ара пайдалуу өнөктөштүктү бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Маалымкат: 1998-жылдын 3-сентябрынан тартып Бишкек жана Казань шаарларынын ортосунда «Экономикалык жана социалдык-маданий кызматташтык жөнүндө макулдашуунун» жана «Экономикалык жана социалдык-маданий кызматташтык жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу программасынын” алкагында маданий кызматтык  өнөктөштүк мамилелер түзүлүп келет.