Октябрь районунда мектептерге жакын жайгашкан дүкөндөргө рейд жүргүзүлдү.

Акимчиликтин, салык кызматынын, РИИБнин жана МАБдын кызматкерлеринен турган комиссия соода түйүндөрүнүн ээлерине 18 жашка чейинки балдарга алкоголдук ичимдиктерди, тамекилерди жана энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салууну эскертти.

Жалпысынан 12 дүкөн ээлерине маалымат берилди.

Октябрь районунун аймагында бул багыттагы  рейддер улантылат.