Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков шаар тургундарынын  жеке маселелери боюнча кабыл алды.

Кайрылуулар негизинен жолдорду оңдоо жана канализация тармактарын куруу боюнча болду.

Кабыл алууга  эки адам жазылган.

Бардык кайрылуулар катталып, каралып, сүйлөшүү учурунда түшүндүрмөлөр берилди. Калгандары көзөмөлгө алынып, чечим кабыл алуу үчүн тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилди.

Эске салсак, Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков ар бейшемби күнү саат 07:00дөн 09:00гө чейин алдын ала жазылуу боюнча жеке кабыл алууларды өткөрөт. - (0312) 36-01-93 телефону аркылуу алдын ала жазыла аласыздар.