Бүгүн, 14-октябрда Октябрь районунун кичи залында аким Азамат Дороевдин төрагалыгы алдында райондогу мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен жыйын болуп өттү.

Жыйынга Бишкек шаарынын прокуратурасынын өкүлдөрү жана № 6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө жалпы билим берүү уюмдарында акчалай жана башка төлөмдөргө тыюу салуу, жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу маселелери каралды.

№ 6 ҮДБнун кызматкерлери билим берүү тармагынын кызматкерлерине (мектептер жана бала бакчалар) эмдөөнүн маанилүүлүгү тууралуу лекция окушту.

Кеңешменин жыйынтыгында билим берүү уюмдарынын директорлоруна педагогикалык кызматкерлер арасында мыйзамсыз төлөмдөргө тыюу салуу, эмдөөнүн маанилүүлүгү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле жашы жете электердин арасында зыяндуу жана тыюу салынган заттарды колдонууну алдын алуу жана профилактикалык иштерди күчөтүү тапшырмасы берилип, жашы жете электердин укук бузуучу, коомго каршы аракеттерине, балдарга жана өз ара зомбулукка, рэкетчиликке жол бербөө тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.