Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти Республикалык экология, аймак таануу жана туризм балдар-өспүрүмдөр борбору, КРнын спорттук ориентирлөө федерациясы менен биргеликте «Алтын күз-2022» спорттук ориентирдик чуркоо боюнча мелдеш өткөрдү.

Катышуучулар Д.Асанов атындагы Жеңиш сейил багынын жана Каражыгач  токою паркынын аймагында өткөн спринт жана классикалык багыт боюнча 2 дистанциядан өтүшү керек болчу. Мелдешке 10 жаштан 18 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр, жалпысынан  150 адам катышты.

Иш-чаранын максаты — спорттун бул түрүн жайылтуу, өспүрүмдөрдү жана мектеп окуучуларын спортко тартуу болуп саналат.

Спорт – ден соолуктун булагы!