2022-жылдын 1-ноябрында турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Өчүрүү району:
•«Мурас-Ордо» конушу саат 9.00дөн 18.00 гө чейин;
•«Калыс- Ордо» конушу саат 9.00дөн 15.00 гө чейин.
«Мурас-Ордо», «Калыс-Ордо» суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт.
«Бишкексууканал» ӨЭБы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алууларын суранат.