Бишкекте Республикалык ат спорт мектебинин базасында “Биз сени менен, Эркеайым!” аттуу ат оюндары болуп өттү.

Иш-чарага борбор калаанын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева жана ардактуу коноктор катышты.

Спортчулар спорттук аттар менен «чабуу» (жогорку ат чабуу), аттардын шайыр карнавалын жана бийлеген аттардын синхрондук бийин көрсөтүштү.

Мындан сырткары, алар сүрөттөрдүн аукционун, бийик тоскоолдуктарды (190 см) басып өтүү боюнча сынакты, кол өнөрчүлүктүн кичи жарманкесин,ошондой эле аттарды тамактандыруу, минүү жана тактилдик байланышты өткөрүштү. Эл артисттери да өнөрлөрүн тартуулашты.

Акциядан түшкөн каражаттын баары оор онкологиялык диагнозу – нейробластома менен ооруган 2 жаштагы Эркеайымдын дарылануусуна которулат.