Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев Ленин районунун бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуп, Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакта жабыр тарткан тургундарына жардам көрсөткөндүгү, жигердүү жарандык позициясы жана баткендиктер үчүн 10 мобилдик үйдү (темир контейнерлерден жасалган үйлөрдү) даярдоодогу ыкчамдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Райондун башчысы 2022-жылдын 14-сентябрынан 17-сентябрына чейинки оор күндөрдү кыргыз элинин биримдиги менен жеңип, мында жабыркагандарга райондун патриоттук маанайдагы ишкерлери жана мекендештери олуттуу жардам көрсөтүшкөндүгүн белгиледи. Ошондой эле Р.Тагаев шаардыктардын жыргалчылыгы үчүн биргелешип иштөөгө дайым даяр экендигин кошумчалады.

Ленин району боюнча контейнерлер жана жардам беришкен ишканалар:

- «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» ЖАК;
- «Арпа» АК;
- «Азия Универсал-700» ЖАК;
- «Яшар», «Ширин», «Лина», «Эра Констракшн», «Бай Элим Компани», «Турпан-Строй», «Шерой», «Реконс Рынок Баткен Комфорт», «Беш-Сары», «Дордой-Дыйкан», «Рынок Элитстрой», «ТД Дари» ЖЧКлары;
- «Кут» курулуш базары  (ЖИ «Жапаров»);
- Бишкек шаарынын Ош базарынын ишкерлер союзу;
- «Мирошниченко» ЖИ.