Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарында балдардын коопсуздугун, өмүрүн жана ден соолугун коргоону камсыз кылуу максатында өткөрүү пунктунун режими орнотулган.

Бишкектин бардык билим берүү мекемелерине видеокөзөмөл камералары (100%) орнотулду.

Келишимдин негизинде мектептерде (мектеп – күзөт агенттиги) жеке күзөт агенттиктери иштейт.

2022-2023-окуу жылында 62 мектепте күзөт агенттиктери, 35 мектепте күндүзгү жана түнкү күзөтчүлөр иштеп жатат.

2022-2023-окуу жылында Ленин, Биринчи май жана Свердлов райондорунун  жалпы билим берүү уюмдары (мектептер, мектепке чейинки мекемелер, балдардын чыгармачылык борборлору) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коопсуздук кызматынын борбордук мониторингине  коопсуздук баскычы туташтырылган.

Октябрь районунун мектепке чейинки билим берүү уюмдарында коопсуздук баскычын  орнотуу 2023-жылы пландалууда.