Ilteca Exhibitions компаниясы 2022-жылдын 2-ноябрынан 4-ноябрына чейин Өзбекстан Республикасындагы алдыңкы адистештирилген көргөзмөсү менен күзгү көргөзмө мезгилин жыйынтыктайт.
Иш-чара тоо-кен жана металлургия, машина куруу жана металл иштетүү өнөр жайы үчүн технологиялардын жана кызматтардын бардык спектрин көрсөтөт: 16-Эл аралык “Тоо-кен, металлургия жана металл иштетүү- Mining Metals Uzbekistan 2022!” көргөзмөсү.
Ошондой эле, көргөзмөнүн алкагында үстүбүздөгү жылдын 2-3-ноябрында Өзбекстандын 4-Эл аралык тоо-кен өнөр жай форумун - UIMF 2022 өткөрүү пландалууда. Форумдун темасы – геологиялык жана тоо-кен жана металлургия өнөр жайын өнүктүрүүнүн заманбап тенденциялары.
Баяндамачы же катышуу үчүн төмөнкү номур аркылуу байланышыңыз: +998 71 205 18 18. Байланышчу адам: Якубова Фатима – Форумдун менеджери; электрондук почта: coordinator1@iteca.uz
Көргөзмөгө кирүү электрондук төш белгилер менен гана жүргүзүлөт. www.mining.uz сайтына кирип онлайн катталсаңыз болот.