“Бишкекжарык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ак-Ордо конушундагы Тагай-Бий көчөсүндө жайгашкан жаңы мектептин аймагында тышкы жарыктандыруу тармактарын реконструкциялоо иштерин баштады.

96 светодиоддук чырактарды жана ошончо эле сандагы бетон негиздерин орнотуу пландаштырылууда. Белгилей кетсек, бетон негиздери, темир таянычтары ишкананын өздүк цехинде чыгарылат.

Ошондой эле жер астына 1800 метрге жакын өзүн өзү көтөрүүчү изоляцияланган зым (СИП) төшөлдү.

Сырткы жарыктандыруу тармактарын реконструкциялоо иштери улантылууда.

Мектептин аймагын жарыктандыруу окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдөгү эң маанилүү милдет болуп саналат.

Урматтуу шаар тургундары! Көчөңүздө капыстан караңгы болуп калса, ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым сиз үчүн кызматта: 0312 463 089, 0312 576 351, WhatsApp: 0777 902 115.