Райондук администрациялар 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясына катышкан аскер кызматкерлерин сыйлады.

Райондун жетекчилери Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча аскердик милдетти аткаргандыгы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришти.

Акимчиликтин атынан Ардак грамоталар жана ыраазычылык баракчалар тапшырылды.

Белгилей кетсек, Баткен окуясынын 388 катышуучусу Социалдык өнүктүрүү департаментинде каттоодо турат, аларга 2 миң сомдон бир жолку материалдык жардам, каза болгон жоокерлердин 10 үй-бүлөгө 10 миң сомдон, 2 катышуучу майыптыгы үчүн 5000 сомдон берилди.

Мындан тышкары каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө республикалык бюджеттен ай сайын 1000 сомдон, майыптыгы бар катышуучуларга 7000 сомдон, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө квартал сайын 3000 сомдон жана жергиликтүү бюджеттен 500 сомдон жөлөк пул төлөнөт.