Свердлов акимиатынын жыйындар залында Максатбек Саргазаковдун төрагалыгы алдында коллегиянын кезектеги жыйыны өттү.

Свердлов районунун  2022-жылдын 9 ай ичиндеги экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары талкууланды.
Райондун экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча Коллегиянын отурумунда акимдин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу, аппарат жетекчиси Акматбек Кожомкулов баяндама жасады.
Мамлекеттик салык кызматынын Свердлов райондук башкармалыгынын башчысынын орун басары Жаныбек Мухидинов жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө кошумча маалымат берди.
Отурумда белгиленгендей, 2022-жылдын январь-сентябрь айларында Свердлов району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы жана ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгы жергиликтүү бюджетке 1 миллиард 709 миллион сом чогулткан.
Райондук кызматтардын жетекчилерине экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүш агымын колдоо, өнөр жай ишканаларын колдоо, салыктар боюнча пландык көрсөткүчтөрдү аткаруу, кошумча салыктык түшүүлөрдү табуу жана салык мыйзамдарынын сакталышын контролдоо, райондун салык базасын кеңейтүү, пенсияларды, жөлөк пулдарды жана эмгек акыларды өз убагында каржылоо милдеттери коюлган.