Биринчи май районунун администрациясы бүткүл дүйнөлүк инсульт күнүнө карата КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын дарыгерлерин сыйлады.
Акимиаттын Ардак грамоталарын жана ыраазычылык каттарын башчынын орун басары Аида Рысбаева тапшырды.  
Ардак грамоталар төмөнкүлөргө тапшырылды:
- Ырысов Кеңешбек Бакирбаевич-нейрохирург, И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу иштери боюнча проректору;
- Каримов Жеңишбек Маликович-нейрохирург, С. Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун неврология жана нейрохирургия кафедрасынын башчысы;
- Оморов Нурлан Кеңешевич-невропатолог, ангионеврологиялык бөлүмдүн башчысы;
- Жамгырчиева Анара Алманбетовна-ангионеврология бөлүмүнүн невропатологу.

Ыраазычылык каттары берилди:
- Байсакеева Калбүбү Бейшембековна-ангионеврологиялык бөлүмдүн невропатологу.
- Калиева Майя Аскарбековна - экинчи ангиоэдема бөлүмүнүн улук медайымы;
Белгилей кетсек, бүткүл дүйнөлүк инсульт күнү 2004-жылдан бери белгиленип келет. Бул дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун демилгеси, бул күндүн максаты – инсульт көйгөйүн алдын алуу мүмкүнчүлүктөрү, оорунун алгачкы белгилери жана өз убагында жардам көрсөтүү зарылдыгы жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө инсульттан жылына 6,7 миллион адам көз жумат. Кан тамыр оорулары өлүмдүн жарымынан көбүн түзөт, негизинен инсульт 55-60 жаштан ашкан адамдарда болгон. Ал эми бүгүнкү күндө  инсульт оорусуна чалдыккандар болжол менен үчтөн бири 30-40 жаштагы адамдарда.