"Таза Мурас" улуттук кампаниясынын алкагында борбор калаада көрктөндүрүү, ошондой эле экологиялык жана санитардык абалды жакшыртуу максатында ишембилик өткөрүлдү.

Биринчи май акимиатынын жамааты "Ак-Босого" конушунун Чүй көчөсү, 41 дарегинде ишембилик өткөрүп, жашыл аймакты тазалоого чыгышты. Конуш тургундары, мектеп окуучулары, Батыш РЭС жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери активдүү катышышты.

Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун  күнүнө карата БУУнун миграция боюнча Эл аралык уюму шаарга жалбырактуу дарактардын 70 көчөтүн берди. Алар 40 кайың жана 30 клен. Күзгү отургузууну өткөрүүгө "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын жашылдандыруучулары жардам беришти.

Белгилей кетсек, Биринчи май районунун аймагында "Таза Мурас" өнөктүгүн колдоого шаардык кызматтар, чарба жүргүзүүчү субъекттер, уюмдар, окуу жайлар, бала бакчалар, жеке жана мамлекеттик клиникалар, шаар тургундары катышып, үйлөрүнүн жанында гана эмес, бекитилген участоктордо да тазалоо иштерин өткөрүштү.

"Тазалык" муниципалдык ишканасы ишембиликтен кийин таштандыларды чыгарууну улантууда.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Борбор шаарыбызды иретке  келтирүүгө жигердүү катышкандыгыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.