"Таза Мурас" улуттук кампаниясынын алкагында шаардык кызматтар, окуу жайлар, мектептер, бала бакчалар, жеке жана мамлекеттик клиникалар, ошондой эле турак жай ээлеринин шериктештиктери бекитилген участоктор боюнча үйлөрдүн жана кеңселердин жанындагы аймакты иретке  келтиришти.

Шаардын төрт районунда акцияга жалпы 20 000дей адам катышты.

"Таза Мурас" акциясы ар кандай курактагы жана кесиптеги адамдарды бириктирди. Борбор калаанын тургундары активдүү жарандык позициясы менен тазалоого чыгышты. Катышуучулардын көпчүлүгү үй-бүлөлөр менен келишти.

Белгилей кетсек, таштандыларды чыгаруу үчүн линияда 624 тазалоочу, 190 "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жүк ташуучусу иштеп, 80 даана атайын техника тартылган.

Урматтуу шаардыктар! Борбор калаанын мэриясы ар бир адамга борбордун көчөлөрүндө, скверлеринде жана сейил бактарында ишембиликти өткөрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирет.