«Тазалык» муниципалдык ишканасы шаарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин улантууда.

Тактап айтканда, бир күн мурун ишкананын 5 кызматкери Курманжан датканын эстелигинин жанындагы аллеяны иретке келтиришти.

Тазалык кызматчылары 5 отургучту оңдоп, 15 таштанды челектерин сырдап, эстеликтердин сынган гранит плиталарын алмаштырышты.

Андан сырткары Эркиндик бульварындагы отургучтарды оңдоп, таштанды челектерин сырдап чыктык.

Ошондой эле Фучик көчөсүн бойлой жайгашкан «Аска-Таш» кире бериш стелласын жазуулардан тазалап, стелланын дубалдарын сырдап, аймагын иретке келтиришти.


Урматтуу шаардыктар! Шаардын мүлкүнө кам көрүп, тазалыкты сактоону суранабыз.