2022-жылдын 29-октябрында Бишкекте Корея Республикасынын КРдагы элчилиги уюштурган "Корей Кимчи фестивалы жана салттуу шараптын даамы" болуп өттү.

Кимчини даярдоо искусствосуна социалдык маселелер боюнча вице-мэр Виктория Мозачева жана Биринчи май районунун башчысынын орун басары Аида Рысбаева катышты.

Эске салсак, 2013-жылы Кимчини даярдоо маданияты ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурасы статусуна ээ болгон.

Кимчи фестивалы жана корей шараптарынын даамы кимчи жасоо жана салттуу суусундуктардын ар кандай түрлөрүн татып көрүү иш-чараларын жайылтуу жана уюштуруу аркылуу корей ашканасын жана салттуу суусундуктарды тааныштыруу үчүн маанилүү иш-чара болуп саналат.