«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасынын директору Бакыт Темикеев жамаатты кесиптик майрамы менен куттуктады.Автотранспорт жана жол кызматкерлеринин күнүнө карата өзгөчөлөнгөн кызматкерлер Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Мындан тышкары, транспорт кызматкерлерин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Айбек Ашимов, Кыргызстандын транспорт жана көзөмөлдөөчүлөр союзунун төрагасы Манасбек Жолдошбеков куттукташты.

Иш-чара Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын имаратында өттү.